Саакашвилинин Одессадагы бир жылы

Published

Өткөн жылы майдын аягында Одессада пайда болгон Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвили өзү айткандай, Одессанын жаңы кызыктырчу нерсеси болуп калды. Ал ошондой эле реформанын грузин модели Украинага да жарай турганын далилдөөгө аракет кылды.

Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвили
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвили

Олигархтарга таандык виллалардын тосмолорун бузган экскаваторлор, Одессанын күч тармагынын алдыңкы жетекчилерин алмаштыруу, шаарга АКШнын биринчи адамдарынын келиши, директорун алмаштыруу үчүн портко бастырып кирүү, Киев бийлиги менен катуу талаш-тартыш, жергиликтүү шайлоодо Саакашвилинин командасынын утулушу...

Бул окуялар Грузияга салыштырмалуу Украинанын кемчилиги эмнеде деген суроого түртөт.

Балким Саакашвилинин айрым атаандаштары айткандай, маселе Украинада эмес, маселе Украинадагы Саакашвилиде болуп жаткандыр.

Грузиянын мурунку президентинин Одессадагы бир жылына көз чаптырып, үч көзгө көрүнгөн ийгилигин жана үч мүдүрүлүшүн атасак болот.

Каталарынан баштасак.

Биринчи мүдүрүлүү: шаар берилди

Одесса мэрлигине Геннадий Трухановдун келиши Саакашвилиге проблема жаратты
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Одесса мэрлигине Геннадий Трухановдун келиши Саакашвилиге проблема жаратты

Өткөн жылы 25-октябрда Одесса шаарынын мэри шайланды. Саакашвилинин командасынан Александр Боровик талапкерлигин койду.

Талапкерлердин саны 42 болгонуа карабай, негизги атаандаштык ал менен ошол учурдагы мэр, мурдагы депутат Геннадий Трухановдун ортосунда жүрдү.

Шайлоо күнү тынч өттү. Боровиктин штабы мыйзам бузуулар табылганын айткан менен жыйынтыкка таасир этпеди.

Алардын арасында шайлоо участогунда кармалган “диний зыяратчылардын автобусуна” байланышкан чыр бар эле.

Полиция өзүн динаятчы деп атаган 34 баланы кармады. Шайлоо участогунда “сыйынган” 18-20 жаш арасындагы балдар Одессадагы атайын бир жерге зыярат кылганы баратышканын айткан.

Алардын беттери бир аз көк-ала, көпчүлүгү такыр баш, спорт кийимчен болчу. Балдар камерадан качышкан.

25-октябрь кечинде Геннадий Труханов куттуктоолорду кабыл ала баштады. Жыйынтык: Труханов 51,33% жана Боровик 24,58% алды.

Көпчүлүк Трухановдун жеңишинин мыйзамдуу экенинен күмөн санады. Анткени шайлоочулардын 46,6 пайызы гана добуш берүүгө келген.

Боровик шайлоо жыйынтыгын, ал райондо, бул райондо жокко чыгарууга аракет кылып, сотто утулуп калды.

Ошентип, шаарда эки башка бийлик пайда болгондой болду – шаардын өзүн эски бийлик өкүлү башкарат, ал эми облусту жаңы бийлик өкүлү Михаил Саакашвили башкарат.

Боровиктин жеңиши Саакашвили үчүн катуу сокку болду дешет. Анткени шаар менен облустун байланышында жана Одессада реформа жүргүзүүдө пикир келишпестик пайда болду.

Экинчи мүдүрүлүү: Ийгиликсиз административдик борбор

Административдик борбор толук иштеп кете албады
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Административдик борбор толук иштеп кете албады

2015-жылы 16-октябрда президент Порошенко Одессада административдик тейлөө борборунун ачылышына катышкан.

Борбор грузин моделинде түзүлгөн. Жаран бир эле жерден кезексиз жана парасыз каалаган документин ала алат.

Бирок ал дале толук иштеп кете албады.

Өткөн жайда Саакашвили өзү мындай борбор ачууга мыйзам жок экенин, Жогорку Рада мыйзамга өзгөртүү киргизгенче борборду ачып коё бериш керек экенин айткан.

Ал мыйзамды ылайыкташтырыш үчүн бир жыл кетет, ал эми борбор азыр керек деп, мыйзамды кийин даярдап коюшат деген.

Бирок мыйзам дале өзгөргөн жок. Ал эми заманбап борбор болгону жарандардын арызын кабыл алуу жана кеңеш берүү кызматы менен алек.

Анын иши кийин толук токтоду. Азыркыга чейин борбордун имаратынын ижара акысы кымбат - айына 4 млн гривен – деген сындар айтылат. Андан сырткары аны кээде мамлекеттик мекемеге, кээде коммуналдык мекемеге кошушат.

Борбор мамлекеттик статус алуу үчүн эки айдан бери облустук бюджеттен 9,6 млн гривен сурап келатат. Антпесе, Саакашвилинин негизги долбоору ишин токтотот.

Үчүнчү мүдүрүлүү: “Чыгуу жолу жок” тосмо

Саакашвили өткөн жылы баштаган “тосмолордун салгылашы” жалпы жыйынтыкка да алып келген жок.

Одессада пляждарды баш-аламан басып алуу Саакашвилинин техника менен сүрдүрүп салуусуна туш болду. Жарандарды деңизге өткөрбөгөн бир канча тосмо бузулду.

Бирок саналуу убакыт өткөндөн кийин Саакашвили сүрдүрүүгө соттун чечими жок болгондуктан ага “жогору жактан” нааразы болуп жатышканын айтты.

“Демек, тосмолорду мыйзамсыз койсо болот, аларды алып салууга мыйзам керекпи?” – деди губернатор. Ал облустук прокуратурага мыйзамсыз тосмолордун тизмесин жөнөтөрүн, 2-3 аптада алынбаса, кайра бульдозер менен келерин айткан.

Мындай билдирүү өткөн күздүн ортосунда жасалган. Бирок андан бери сүрдүрүү болгон жок. Жада калса ал сүрдүргөн жерлер адегенде желим ленталар менен оролуп, кийин эркин өтүүнү чектеген темир торлор пайда болду.

Эми жетишкендиктери.

Биринчи ийгилик. Облустук чиновниктерди кыскартуу

Одесса облустук администрациясы – бул, ичинде жоголуп кетүүгө оңой болгон эски советтик имарат.

Саакашвили жумушка чыкканда 800 адам иштейт, бирок алар ким жана эмне иш кыларын билбейм деп көп тамашалачу. Администрацияда кандайдыр бир китептерди чыгарган өзүнчө тармак бар экенин айткан.

Башкаруусунун алдында ал штатты кыскартарын билдирип, администрациянын ишин 40 эле киши аткара алат деген. Алар болсо кыскартылгандардын эсебинен жакшы айлык акы ала алышат деген.

Ал бир жыл ичинде штаттын жарымын гана кыскартканына карабай, көпчүлүк муну жеңиш деп жатат. Мурдагы губернаторлор учурунда штат өсүп гана турган.

Экинчи ийгилик. Пляждарды кайтарып алуу

“Пляж үчүн согушта” Саакашвили кайсы бир деңгээлде ийгиликке жетти.

Мисалы, жарандарга эки борбордук пляж кайтарылды. Алар мурда адамдарды өткөрбөйт эле.

Бирөө чек арачылардыкы, экинчиси коопсуздук кызматыныкы болчу.

Саакашвили эки кызматтын жетекчилиги менен сүйлөштү. Андан кийин тосмолору алынды.

Чек арачылардын пляжы көпкө чейин каршылык көрсөтүп, кечки тогузда эс алуучуларды чыгарып, кайтарууга алып жатты. Коопсуздук кызматындагылардын пляжы кышында тосмо куруп алды эле, азыр экөө тең күнү-түнү ачык.

Үчүнчү ийгилик. Порт талаш

Өткөн жылдын 23-июлунда Саакашвили журналисттердин тобу менен Черноморск соода портуна директоруна иштен айдоо буйругун берүү үчүн жашыруун кирип барган. Директор Саакашвили келерден жарым саат мурда чыгып кеткен. Губернатор аны “ооруш үчүн качып кетти” деген.

Ага карабай порттун жетекчилиги алмашты. Саакашвили портто көз боёмочулук болуп, мамлекет бир жылда бир нече миллион доллар жоготконун айткан.

Эми эмне болот?

Саакашвилинин айланасында акыркы күндөрү болуп жаткан окуялар эксперттерди адаштырууда. Алар губернатордун багытын түшүнбөй турушат.

Ал Одессада калып күрөшүн улантабы, Киевге өтөбү же Тбилисиге кетеби белгисиз.

Акыркы айларда губернатор анын кызматына кирбеген коррупцияга каршы форумдарды уюштуруу менен алек. Ал “Тазалануу үчүн” аттуу форумдун максаты Украинанын премьер-министрлигине келүү эмес экенин айтып, “менин бул өлкөдөгү дымагым алда канча бийик” деди.

Жакында Саакашвили дагы бир чатакка аралашты. Британ гезиттеринин бирине курган маегинде Порошенко реформатордук көз карашы жок өкмөттү бекиткенин айткан. Ал эми жаңы премьер-министр Гройсмандын өкмөтүн жөндөмсүз адамдардын тобу деп атаган. Бирок ал гезит сөзүн бурмалаганын айткан менен, аны териштирген жок.

Саакашвилинин санаалашы, эки айча мурда Одессанын облустук прокурорлук кызматынан кеткен Давид Сакварелидзе жаңы партия түзөрүн, анын башкы ишмерлеринин бири Саакашвили болорун билдирди.

Ал эми Саакашвили 24-майда Грузиянын “Рустави” телекомпаниясына берген интервьюсунда “мен Грузияга келем жана жараяндарга активдүү катышам. Мындан эч ким күмөн санабасын жана коркунуч катары кабыл албасын, кайтуу – бул турган иш” деди.

ЖМКда Саакашвилинин тегерегинде көз боёмочулук тууралуу маалыматтар пайда болду. Анын ичинде Одесса бажысы айтылат. Муну Киевдеги ички тирештерге байланыштырышат.

Бирок Украина бийлигине Саакашвилиге байланыштуу чатак керек эмес. Анткени бүт дүйнө үчүн ал өлкөдөгү реформа кооптуу абалда деген түшүнүк берет.