Хиллари Клинтон тууралуу биз билбеген беш нерсе

Published

Ассошиэйтед Пресстин жыйынтыктоочу эсеби боюнча, Хиллари Клинтон АКШнын демократиялык партиясынан президенттик кызматка номинация алуу үчүн делегаттардын жетиштүү колдоосун алды. Ал АКШнын ири саясий партиясынан алгачкы аял талапкер болгону калды. АКШнын саясатында Клинтон айым сенатордон тарта мамлекеттик катчы кызматына чейин иштеген, бирок ал “Грэмми” сыйлыгын да жеңгенин билдиңиз беле? Бул жерде мурдагы канайым тууралуу сиз такыр билбеген беш нерсе жазылган.

Хиллари Клинтон Нью-Йоркто жолдошу, мурдагы президент Билл Клинтон менен жеңишин майрамдап жатат. 19-апрель, 2016-жыл
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Хиллари Клинтон Нью-Йоркто жолдошу, мурдагы президент Билл Клинтон менен жеңишин майрамдап жатат. 19-апрель, 2016-жыл

Анын сыр аты “Түбөлүк жашыл” болчу

Хиллари Клинтон 1993-жылы биринчи канайым болгон
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Хиллари Клинтон 1993-жылы биринчи канайым болгон

Жолдошу, президент Билл Клинтонду Ак үйдө “Бүркүт” деп аташса, Хиллари Клинтонду жашыруун кызмат “Түбөлүк жашыл” деп атачу.

Ал “Грэмми” сыйлыгын алган

Хиллари Клинтон 26-февралда Нью-Йоркто “Грэмми” сыйлыгын кармап турат
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Хиллари Клинтон 26-февралда Нью-Йоркто “Грэмми” сыйлыгын кармап турат

Хиллари Клинтон 1997-жылы эң мыкты окулган сөз же музыкасыз альбом үчүн “Грэмми” сыйлыгын алган. Ал өзүнүн “Бүткүл кыштактын окуясы” китебинин аудио форматын жаздырган. Ал балачак жана билим берүү тууралуу. Клинтон айым көптөгөн китептерди, анын ичинде жашоосу тууралуу мемуар да жазган.

Канайым мамлекеттик кызматтарга ат салышкан

Хиллари Клинтон 2000-жылы канайымдардын арасынан биринчи жолу мамлекеттик кызматка аттанып, Нью-Йорктон сенатор болууга ат салышкан жана жеңген. Ал 2006-жылы кайра шайланган.

Родэмби, Клинтонбу же Родэм Клинтонбу?

Хиллари Клинтон 1975-жылы мурдагы президент Билл Клинтон менен баш кошкондо жолдошунун фамилиясын алган эмес.

Бирок Билл Клинтон бир нече аптадан кийин ант берип, кызматына расмий киришкенден кийин аялы Хиллари Родэм Клинтон болуп алган.

Бирок өткөн жылы анын үгүт иштерин даярдаган топ “Вашингтон постко” ал Хиллари Клинтон катары таанылууну артык көрөөрүн айткан.

Ал 1996-жылга чейин машина айдаган эмес

2014-жылы Хиллари Клинтон Нью-Орлеанда автомобиль дилерлеринин ассоциациясынын улуттук конвенциясында 1996-жылга чейин машина жеңбегенин айткан. Бирок ага андан ары унаа айдоого болбогондуктан өкүнгөнүн билдирген.

“Акыркы жолу өзүм 1996-жылы машина айдадым. Айдаган абдан жаккан, бирок тилекке каршы жашыруун кызмат андан бери мени машина жеңбей турган кылды”, - деген ал.