Тажикстандын тунгуч президенти каза болду

Published

Дүйшөмбү шаарында Тажикстандын биринчи президенти Каххор Махкамов 8-июнда 85 жашында дүйнө салды.

Жергиликтүү маалымат каражаттары белгилегендей, ал узак убакыттан бери ооруп жаткан.

Махкамов 1990-жылы 30-ноябрда Тажик ССРинин Жогорку Кеңеши тарабынан республиканын президенти болуп шайланган. Ал учурда өлкөдө биринчи ирет президенттик киргизилген.

1991-жылы ноябрда жалпы шайлоодо Рахмон Набиев президент болуп шайланганда Махкамов парламенттин түбөлүк депутаты болуп калган.

1980-жылдары Каххор Махкамов министрлер кеңешинин төрагасы, Коммунисттик партиянын борбордук комитетинин биринчи катчысы кызматтарын аркалаган.

Ал Ленинграддагы тоо институтун бүткөн. Эмгек жолун Шураб шаарындагы “Тажикуголь” ишканасында инженердин жардамчысы болуп баштаган.

Анын жакындарына азыркы президенти Эмомали Рахмон көңүл айтып, эскерүү сөзүн билдирди.