Стамбулдагы соңку жардырууну күрт согушчандары мойнуна алды

Published

“Күрдистан эркиндик шумкарлары” (КЭШ) аттуу топ Стамбулда 7-июнда он бир кишинин өмүрүн алган жардыруу боюнча жоопкерчиликти алды.

Топтун сайтында айтылгандай, кол салуу түрк армиясынын өлкөнүн түштүк-чыгышындагы операцияларына жооп болуп эсептелет. Андан сырткары КЭШ чет жердик туристтерди коопсуздук маселесинен улам Түркияга келбөөгө чакырды.

Шейшембиде белгилүү Баязыт туристтик кварталда орун алган жардырууда кеминде он бир адам мерт кетти, отуздан ашык киши жарадар болду. Өлгөндөрдүн жетөөсү полиция кызматкери, төртөө жай тургундар.

Бул окуядан кийин президент Режеп Тайип Эрдоган жардыруунун артында өлкөдө тыюу салынган, күрттөргө автономия алууну талап кылып жаткан Курдистан жумушчулар партиясы турарын айткан.

Өткөн жайда түрк бийлиги менен сепаратисттик Күрдистан жумушчулар партиясынын ортосундагы эки жылдык элдешүү токтогон.

“Күрдистан эркиндик шумкарлары” мартта 30дан ашык кишинин өмүрүн жалмаган Анкарадагы жардырууларга жоопкерчилик алган.