Обама Орландо курмандыктарын эскерүүгө барат

Published

АКШнын президенти Барак Обама Флорида штатындагы Орландо шаарында гей клубга кол салуудан өлгөндөрдү эскерүүгө бейшембиде барат. Бул тууралуу Ак үйдүн өкүлү Жош Эрнест билдирди.

Жекшембиге караган түнү АКШнын афган тектүү жараны Омар Матин Pulse клубунда ок чыгарып, 49 кишини өлтүрүп, 50дөн ашыгын жарадар кылды.

Обама мурдараак Матиндин чет өлкөлүк экстремисттик топтор менен байланышын тастыктоого тергөөдө негиз жок экенин билдирген.

Ага карабай, америкалык лидер “кол салган киши интернетте тарап жаткан экстремисттик маалыматтардын таасири алдында болгону” тууралуу пикирин айткан.

Президент ошондой эле Омар Матин куралды мыйзамдуу жол менен алганын белгилеп, АКШнын куралдын тароосун көзөмөлдөгөн мыйзамды сынга алды. Анын айтымында, аталган мыйзам катуу эмес.

Омар Матин тапанча жана автомат менен кол салган. Ал көп жылдар бою дүйнө жүзү боюнча эң алдыңкы кайтаруу агенттигинде иштеген.

Расмий маалыматтарга ылайык, ал түнү кол салаар алдында “911” ыкчам кызматына телефон чалып, “Ислам мамлекети” аталган экстремисттик топ менен байланышта экенин айткан.

Матин клубдагы адамдарга карап ондогон жолу ок чыгаргандан кийин өзү да полиция тарабынан өлтүрүлдү.

АКШ бийлиги бул окуяны теракт деп атады. (AK)