ЕЧ-2016: фанаттардын мушташы талкууда

Беттеш соңуна чыгары менен эле орусиялык күйөрмандар англиялыктар олтурган секторго көздөй жөнөшүп, мушташ болгон.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Беттеш соңуна чыгары менен эле орусиялык күйөрмандар англиялыктар олтурган секторго көздөй жөнөшүп, мушташ болгон.
Published

Марселдеги футбол күйөрмандары уюштурган башаламандыктан кийин УЕФА жетекчилиги орусиялык футбол бирикмесин 150 миң евро айыпка жыкты. Күйөрмандар кайра жаңжал уюштура турган болсо турнирден четтете турганын эскертти. Ушундай эле эскертүүнүн Англия курама командасы да алды.

Юридикалык жактан УЕФА Марселдеги “Велодром” стадионундагы Англия-Орусия беттеши учурундагы окуяларга гана жооп берет. Ал эми Марселдин көчөлөрүндөгү башаламандыктар жергиликтүү полициянын жоопкерчилигинде.

Бул беттеш соңуна чыгары менен эле орусиялык күйөрмандар англиялыктар олтурган секторго көздөй жөнөшүп, мушташ болгон. Көптөгөн футболчулар Марселдеги башаламандыктар туралуу өз пикирлерин билдирди. Англия курама командасынын капитаны Уэйн Руни күйөрмандарды мындай тополоңдорго аралашпоого чакырып, Европа чемпионатындагы Англиянын оюндарын коркунучка салбагыла деп эскертти.

Ѳз пикирин твиттердеги баракчасына Португалия курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду да билдирип чыкты:

"Зомбулукту токтоткула! Жетишет! Футбол деген керемет оюн мындай болбош керек»,-деп жазды Роналду.

Англия футбол тарыхындагы эң мыкты оюнчулардын бири Алан Ширер Би-Би-Си аркылуу бул чемпионатты баяндап чыгууда. Ал англиялык күйөрмандарга кайрылып чагымга алдырбагыла деп айтты.

"Мен бул жалаң гана англиялык фанаттар эмес экенин билем. Аларды атайын чагымчылыкка түртүштүбү жокпу, мен ушул аз гана акмактар үчүн бизди үйгө жөнөтүп жиберишин каалабайм»,-деп жазды Ширер.

Англия курама командасынын башкы машыктыруучусу Рой Ходжсон теле аркылуу футбол күйөрмандарына кайрылуу жасап, эгер ушундай башаламандыктар уланчу болсо команда турнирден четтеп каларын айтып, жылдап машыгып даярдануулар текке кетет деди. Бирок орусиялыктар менен болгон ийгиликсиз оюндан кийин Ходжсондун айткандары күйөрмандарга өзгөчө деле таасир калтырбагандай.

"Бизди фанаттар үйгө жөнөтөт дегенди унуткула. Менимче муну Рой Ходжсон өз күчү менен кылат»,- деп жазды орусиялык команда менен болгон беттештен кийин жаны ачыган күйөрмандардын бири.

Ошол эле учурда интернеттеги талкууларда 2018-жылы Орусияда өтө турган дүйнө чемпионатына карата пикирлер да айтылып жатат. Англис тилдүү сайттарда айрым картинкалар пайда боло баштады. Анда: «Биз жок деп айтабыз» (Орусиядагы ДЧ-2018) деп жазылган.

Орусиялык соцтүйүндөрдө болуп өткөн окуяларга карата пикирлер эки ача, бейбаштардын кылгандарын айыптагандар да көп. Бирок мунун баары антиорусиялык чоң өнөктүк болуп жатат деген пикирлер кеңири тарап жатат.

Бул жерден Англия да Орусия сыяктуу эле жаза алганын айта кетүү керек. Англия курама командасы да эскертүү алып, бир катар күйөрмандары камакка алынды. (AbA)