Ливия аскерлери Сирт шаарында “ИМди” кысууда

Сүрөттүн булагы, AP
Ливиянын мамлекеттик күчтөрү “Ислам мамлекети” аталган экстремисттик топтун согушчандарын Сирт шаарында кысып жыла башташты.
Алар мурда “ИМ” көзөмөлдөгөн райондордо бир чакырымдан ашык алдыга жыла алышты. Ливия бийлиги бул март айында шаарга кирүү башталгандан бери эң чоң ийгилик деди.
Ливиянын мамлекеттик күчтөрү “Фейсбуктагы” баракчасына жергиликтүү радиостанциясын жана электр чордонун алышканын жарыялашты.
“Аль-Жазира” телеканалы аскерлер “ИМдин” ок-дарылары турган кампаны алганын билдирди. Согуш учурунда ондогон аскерлер жана согушчандар өлдү.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Мурдараак жыл башында түзүлгөн улуттук биримдик өкмөтүнө жакын күчтөр портту жана шаардын бир канча районун ээлешкен.
Сирт – кулатылган президент Муаммар Каддафинин туулган шаары. Ал “ИМдин” Ирак менен Сириядан кийинки эле таянган жери.
Human Rights Watch уюмунун маалыматына ылайык, “ИМдин” согушчандары Сиртте ондогон адамды кудайга шек келтирүү жана тыңчылык кылууда айыптап өлтүрдү.
“ИМ” Ливияда 2011-жылы Каддафи өлгөндөн кийин пайда болгон жарандык согуштан пайдаланып өз таасирин жайган. (АК)




























