Мамбетжунус Абылов кыргыз тилинен тест тапшырды. Кеңешбек Дүйшөбаев сынак берип жатат

Сүрөттүн булагы, social
Бүгүн, 26-октябрда мурдагы элчи Мамбетжунус Абылов мамлекеттик тилди билүү деңгээли боюнча тест тапшырды. Бул тууралуу саясатчы Би-Би-Сиге билдирди.
"Окуу жана угуунун жыйынтыгы дароо эле чыкты. Биринен сексен канча, экинчисинен 73 же 74 упай алдым. Калган жыйынтыкты күтөсүз дешти. Компьютерде кыргыз тамгалары кичирээк экен, көз айнексиз көрө албайм, ошондуктан кол менен жазып бердим", -деди Мамбетжунус Абылов.
Ал Би-Би-Синин тесттин жыйынтыгы чыгып, "ортодон жогору" деген сертификат аласаңыз, президенттикке талапкер болуу үчүн БШКга арыз тапшырасызбы деген суроосуна "кырдаал көрсөтөт" деп жооп берди:
"Мен Бириккен демократиялык кыймылдын төрагасымын. Коомдо демократтар мурдагыдай болбой калды, бийлик үстөмдүгү буларды жок кылды деген сөздөр айтылып жатпайбы. Анан өзүм кыймылды жетектеп туруп, саясий жараяндардан качкандай болбоюн деп тест тапшырып койдум. Эми кыймылдын жыйынын өткөрөбүз. Тил билүү талабына жооп берген кайсы бир талапкерди колдоп чыгабыз. Кыймылдын мүчөлөрүнүн арасынан Бектур Асанов менен Клара Сооронкулованын сертификаты бар экен. Азыр Кеңешбек Дүйшөбаев тест бергени кирип кетти. Кеңешебиз. Тилден башка да талаптар бар да. Бир миллион сом төгүү керек, муну ким көтөрө алат деген маселе бар. Ошондуктан ким барат деген суроого жооп берүү азыр эртерээк".
Мамбетжунус Абылов Кыргызстандын Түркиядагы жана Малазиядагы элчиси болгон.
Кеңешбек Дүйшөбаев УКМКнын мурдагы төрагасы кызматын аркалаган.
Эки саясатчы тең "Кемпир-Абад иши" боюнча соттолуп, акталышкан.
Буга чейин "Кыргызтест" сынагынан мурдагы депутат, саясатчы Исхак Масалиев, ишкер Акай Кыдыров өткөн.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
8-октябрда президенттикке талапкер болуу ниетин билдирген Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын мурдагы башчысы Сыймык Жапыкеев менен мурдагы ички иштер министри Суваналиев "Кыргызтестке" кырыз тилинен тест тапшырган. Бирок экөө тең мамлекеттик тилдин деңгээлин аныктаган тесттен өтпөй калган.
21-октябрда Сыймык Жапыкеев жазуудан кайра тест тапшырып, 24-октябрда жетиштүү балл алганын кабарлаган.
Ал эми талапкер болууну каалаган адам эгер "Кыргызтест" сынагын мурда тапшырып, сертификат алган болсо, тест тапшырбайт.
2027-жылдын 27-январында өтө турган президенттик шайлоого талапкер көрсөтүү жараяны 25-сентябрда башталган. Шайлоо мыйзамдары боюнча арыздарды кабыл алуу добуш берүүгө 75 күн калганда, башкача айтканда 13-ноябрда токтойт.
Конституция боюнча президент болуп 35 жашка чыккан, мамлекеттик тилди билген жана өлкөдө жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргызстандын жараны шайлана алат. Президенттикке талапкер болуу үчүн 30 миңден кем эмес шайлоочунун кол тамгасын топтош керек. Талапкер болууну каалаган адам шайлоо фондунун каражатынан БШКнын эсебине бир миллион сом төгөт жана ал кайтарылбайт.
































