Кыргыз-тажик чегинде атышуу болду

Баткендин Ак-Сай айыл аймагы, 11-январь 2014-жыл. Жергиликтүү журналист Аскар Баймуратов жолдогон сүрөт.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Баткендин Ак-Сай айыл аймагы, 11-январь 2014-жыл. Жергиликтүү журналист Аскар Баймуратов жолдогон сүрөт.
Published

Баткен облусундагы Ак-Сай - Көк-Таш айылдарынын ортосундагы суу бөлүштүрүүчү жайда кыргыз-тажик чек арачылары атыша кетти. Андан беш кыргыз, кеминде эки тажик чек арачысы жаракат алганы кабарланууда.

Расмий маалыматка ылайык, кыргыз тараптан жаракат алган аскер кызматкерлеринин бирөөсүнүн абалы оор. Ага Баткен облустук оруканасында операция жасалды.

“Кайым айтышуунун натыйжасында тажик чек арачылары кыргызстандык аскер кызматкерлерине каршы биринчи болуп курал колдонгон. Атышуунун кесепетинен эки тарапта тең жаракат алгандар бар”,-деп билдирди Кыргызстандын Чек ара кызматы.

Баткендик журналист Аскар Баймуратовдун Ак-Сай айылдык округунун башчысы Абдипатта Бердиевге шилтеме кылып билдиришинче: “Өткөн жылдын соңунан тарта курула баштаган Ак-Сай – Көк-Таш жолунун боюндагы суу бөлүштүрүүчү жайдын жанына Тажикстандын бир жараны отурукташып алган. Андан көп өтпөй Кыргызстанга тиешелүү делген аймакка тажик чек арачылары келе баштаган. Кыргыз чек арачылары коңшу өлкөнүн жарандарын чыгып кетүүсүн талап кылып барганда ортодо чатак чыккан.”

Баткендик журналист Аскар Баймуратов жолдогон сүрөттөр
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Баткендик журналист Аскар Баймуратов жолдогон сүрөттөр

Бул окуя боюнча Тажикстандын позициясы так белгисиз. Айрым интернет булактары тажик бийлиги “кыргыз чек арачыларынын биринчи ок ачканын” айтууда. Эки өлкөнүн вице-премьер министрлери телефон аркылуу сүйлөшүп, бул окуяны биргеликте иликтөөгө макулдашканы кабарланды. Бул окуядан кийин чек аранын бул тилкесинде өткөрмө бекеттери убактылуу жабылды.

Ак-Сай айылдык округуна Тажикстандын аймагы аркылуу келүүчү электр жарыгы үзгүлтүккө учураганы да кабарланууда. Кыргызстандын чек ара кызматы аймакта абал туруктуу экенин билдирүүдө.

Тынчыбаган чек ара

Өткөн жылдын соңунда чек аранын дал ушул аймагында кыргыз жаранына тиешелүү чайкана өрттөлүп, анын соңунда эки тараптын жарандары <link type="page"><caption> чатакташа кеткен</caption><url href="http://www.bbc.co.uk/kyrgyz/kyrgyzstan/2013/12/131218_border.shtml" platform="highweb"/></link>. Жергиликтүү кыргыз жарандары чек арадагы чайханага коңшу өлкөнүн жарандары өрт койду деген нааразылыгын билдиришкен. Алар Тажикстандын айылдарын айланып өтчү Ак-Сай – Көк-Таш көз карандысыз жолун куруп берүүнү талап кылып, Ворух анклавына кетчү жолду буушкан.

Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында кыргыз өкмөтү аталган жолдун курулушун баштаган болчу. Жергиликтүү тажик жарандары бул жолдун курулушуна нааразы экени кабарланган.

Өткөн аптада Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары Душенбе шаарында жолугушуп, талаштуу аймактарды 10-январдан тарта биргеликте кайтарууга макулдашкан болчу.

Бул макалага калтырган ой-пикириңизди модератор карап чыгып, сайтка чыгарат. Бирөөнүн ар-намысына, беделине шек келтирген пикирлер жарыяланбай турганын эскертебиз.