"Ирма" бороонунан миллион киши жапа чекти

Сен-Мартен аралындагы кыйроолор.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сен-Мартен аралындагы кыйроолор.
Published

Кариб бассейниндеги аралдардагы миллионго жакын жашоочу "Ирма" бороонунан жапа чекти. Дагы 26 миллион киши кооптуу аймакта кала берүүдө деп билдирди Кызыл Чырым комитети.

Уюмдун маалыматына караганда кубаттуу бороон Барбадостогу имараттардын дээрлик баарын кыйратты. Пуэрто-Риконун тургундары электр жарыгы жок калышты. Ал эми британиялык Виргин аралдары, Сен-Мартен, Сен-Бартелеми жана Сент-Китс, Невис чоң чыгымга учурады.

Сен-Мартен
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сен-Мартен.

Соңку маалыматтарга караганда 10 киши набыт болгон. Кызыл Чырым уюму алдыда дагы бороондон жабыр тартышы мүмкүн деген калктуу конуштарга чукул жардам көрсөтүү үчүн 600 миң швейцариялык франк бөлүп берди. Ошондой эле кыйроого кабылган аймактардагы кесепеттерди жоюу үчүн 120 миң франк бөлгөн.

Сен-Бартелеминин борбору Густавиянын бороондон кийинки көрүнүшү.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сен-Бартелеминин борбору Густавиянын бороондон кийинки көрүнүшү.

Бороон максималдуу деңгээлге чейин чыкты. Шамалдын ылдамдыгы саатына 300 чакырымга жетүүдө. Аны Атлантикадагы соңку он жылдыктагы эң кубаттуу бороон деп мүнөздөп жатышат. Буга чейинки Техастын жээктерин жапырып, суу ташкындоону алып келген "Харви" бороонунан алда канча кыйраткыч мүнөздө деди адистер.

"Ирма" бороонун кантип тосуп алышууда?

Азыркы учурда деңиздин кыйраткыч бороону Гаитини көздөй жылып келе жатат. Анын жолунда Куба дагы бар.

"Ирма" бороону

Жекшембиде АКШнын Флорида штатына жете келиши күтүлүүдө. Бул жерде бийлик кооптуу деген райондордогу тургундарды жана туристтерди эвакуациялап, сактануу иш чараларын көрүүдө.

Шамал кыйсыпыр кылып өткөн Барбуда аралында жашоого мүмкүн болбой калды деди Антигуа жана Барбуда арал өлкөсүнүн премьер-министри Гастон Браун.

"Бул толугу менен кыйроо,-деди 1600 киши жашаган аралды көрүп чыккандан кийин премьер. -Аралды дээрлик суу каптаптыр. Барбудага азыр жашаганга болбойт деп эсептейм".

Буга коңшулаш 80 миң киши жашаган Антигуада олуттуу жоготуулардан качууга мүмкүн болду. Чоң кыйроолор жана кишилей чыгымдар ал жерде жок деди Браун.

Франция менен Нидерландияны бөлүп турган Сен-Мартен аралындагы аэропорт керектен чыкты. Аба майданы чоңдугу боюнча Кариб аралдарында үчүнчү орунда турган. Учурда бул аралда электр жарыгы жок. (AbA)