Таиланд соту өкмөт башчыны кызматтан кетирүүдө

Йинглак Чиннават өлкөнү миң күн башкарды.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Йинглак Чиннават өлкөнү миң күн башкарды.
Published

Таиланддын Конституциялык соту премьер-министр Йинглак Чиннаватты жумуш абалынан кыянаттык менен пайдаланганы үчүн кызматтан кетүүсүн буюрду. Соттун чечиминде Чиннават айым 2011-жылы улагайган кызматкерди башка ишке которуп, ордуна тууганын орноштурганы айтылат. Аны менен кошо тогуз өкмөт мүчөсү да кызматтан кетет. Бийликтеги партия соттун чечимин төнкөрүштүн жаңы түрү деп сыпаттады.

Бул көрүнүш Таиланд саясатында адатка айланып баратат.

Өлкөнүн жогорку соту премьер-министрди өз буйругу менен кетирүүдө.

Соттор мындай чечимин түшүндүрүп көп жүйөө келтирди.

“Далилдерди карап чыгып, сот бир добуштан Йинглак Чиннават улуттук коопсуздук кеңешчисин туура эмес которуп, үй-бүлө мүчөсүнө пайда апкелген деп чечти”,-деп билдирди сот өкүлдөрү.

Бийликке каршы акциялар.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бийликке каршы акциялар.

Соттор аны менен кошо өкмөттүн тогуз министри кызматтан кетсин деп буюрду.

Йинглак Чиннават өлкөнү миң күн башкарды. Жаш саясатчы жаңы шайланганда эле мурунку премьер, улуу агасы Таксин Чинават кемчиликтеринин залакасын тартты.

Анын алгачкы жарашуучулук кадамдары каршылаштарын тындырган. Бирок өткөн жыл соңунан тартып, ал партиясынын мурунку лидерлери сыяктуу эле мыкты уюшулган каршылык акциясына туш болду. Акция баш калаада кыймылды бууп, Чиннават февралда өткөргөн шайлоону жокко чыгарды.

Йинглактын кетиши өкмөткө каршы кыймылдын жеңиши. Бирок соттун чечими алардын бардык мүдөсүн кандырган жок.

"Мен толук ыраазы эмесмин, бүт өкмөт кетсе болмок”,-дейт тургундардын бири. Эми Чиннаваттын жактоочулары кандай жооп кылаар экен? Алар соттук төңкөрүшкө каршы чыгабыз деп билдирип келген. Бирок алар колдогон өкмөт жарым жартылай болсо да бийликке илинип турат. Демек алар чечкиндүү кадамдан кармана турушу мүмкүн.