BBC

BBC navigation

Оклахома: Куткаруу иштери аяктоодо

Соңку жаңыланышы: 22-май, 2013 - 04:57 GMT

Расмийлер аман калгандарды издөө иши дээрлик аяктап калганын билдирүүдө. Өрт кызматынын жетекчиси Гэри Берд урандылардын алдында тирүү адамдар же сөөктөр калбаганына 98% ишеним бар экенин айтты.

Куткаруучулар дүйшөмбү күнү АКШнын Оклахома штатында жыйырмадан ашык адамдын, анын ичинде тогуз өспүрүмдүн өмүрүн алган торнадодон кийинки урандыларды иликтеп жатышат.

Расмийлер аман калгандарды издөө иши дээрлик аяктап калганын билдирүүдө. Өрт кызматынын жетекчиси Гэри Берд урандылардын алдында тирүү адамдар же сөөктөр калбаганына 98% ишеним бар экенин айтты.

Катуу куюндун күчү эң жогорку чекке жеткени кабарланууда. Ал тапта кеминде 320 чакырым/саат ылдамдыктагы куюн Оклахома шаарынын четиндеги Мур конушуна зыян алып келди.

Оклахоманын губернатору Мэри Фоллин айрым сөөктөр түз эле тажия жайларына жеткирилгендиктен, өлгөндөрдүн саны 24төн көп болушу мүмкүндүгүн билдирди.

Жергиликтүү өрт кызматынын жетекчиси дүйшөмбүнүн түнүнөн бери аман калгандар же өлгөн адамдардын сөөктөрү табылбаганын маалымдады. Күмөн санабоо үчүн ар бир аймакты үч жолу текшерүү максат кылынууда.

Көчөлөрдө эч бир жол белгилери калбагандыктан, куткаруучулар бир жерден экинчи жерге барууда кыйынчылыкка туш болушту. Айрымдар чөнтөк телефондорун жана GPS багыт берүүчүлөрүн колдонуп жатышты.

Куюн “кыйратуучу” деңгээлге жетти

Аба ырайы боюнча улуттук кызмат билдиргендей, торнадонун күчү Фудзита шкаласы боюнча “кыйратуучу” деп сыпатталган EF-5 деңгээлине жетти. Торнадо кыйратып өткөн аймактардын жалпы узундугу 17 миля жана туурасы 1,3 миляны түзүүдө.

Катуу куюндун күчү эң жогорку чекке жеткени кабарланууда. Ал тапта кеминде 320 чакырым/саат ылдамдыктагы куюн Оклахома шаарынын четиндеги Мур конушуна зыян алып келди.

Дүйшөмбү күнү түштөн кийин 55 миң калкы бар конушта куюн 45 мүнөт бою токтобой турду. 237 киши жаракат алды деп айтылып жатканда, куткаруучулар үйлөрдүн, мектептердин жана оорукананын урандыларынан жүздөн ашык адамды алып чыгышты.

Мерт болгон тогуз өспүрүмдүн жетисинин сөөгү куюндан чатыры учуп, дубалдары ураган “Плаза Тауэр” мектебинен табылды. Бул мектепте окуучулар менен мугалимдер имараттагы өтмө жолдордо жана жуунуучу бөлмөлөрдө сактанууга аргасыз болушкан.

Расмийлер мектепте табылбаган, ата-энелери менен эрте үйүнө кетиши мүмкүн делген балдардын санын тактоого дале аракет кылууда.

Эки мектепте куюндан сактоочу жайлар болгон эмес

Өзгөчө кырдаалдарды башкаруу боюнча Оклахома департаментинен Алберт Эшвуд билдиргендей, торнадого кабылган эки мектепте баш калкалоочу бөлмөлөр жок болуп чыкты. Эшвуд бул эки окуу жайдан башка, Оклахомадагы жүздөн ашык мектеп мамлекет тарабынан каржыланган сактануучу бөлмөлөр менен камсыздалганын айтты.

Расмийлер өзгөчө кырдаалдар тууралуу эскертүү торнадо шаарга жеткенге чейин 16 мүнөт мурда берилгенин, адатта мындай маалымат 8-10 мүнөт мурда айтылаарын билдиришти.

Оклахоманын камсыздандыруу комиссары кабарлагандай, катуу куюн алып келген чыгым 2011-жылы Миссури штатында 158 кишинин өмүрүн алган торнадонун чыгымынан ашып түштү. Анда штат 3 миллиард долларлык зыянга учураган болчу.

АКШ президенти Барак Обама Оклахомада ири кырсык болгонун белгилеп, федералдык бийлик өкүлдөрүн издөө аракеттерине кошулууну буюрду. Ал ураган үйлөр менен мектептер кайра курулаарын кошучалады

Tема боюнча ссылка

Тектеш темалар

BBC © 2014Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.